Акыркы маалыматтар

14:29
«Милиционерлер сабап, сексуалдык зомбулук менен коркутту»: Оштогу окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды
эксклюзив
документ
11:18
«Милиционерлер сабап, сексуалдык зомбулук менен коркутту»: Оштогу окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды
эксклюзив
документ
12:05
«Милиционерлер сабап, сексуалдык зомбулук менен коркутту»: Оштогу окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды
эксклюзив
документ
11:43
Адаханга алданган жаштар
эксклюзив
документ
11:53
Камчыбек Ташиев кууса кууйт го, бирок качпайт!
документ
10:26
БАРАКЕЛДЕ КАМЧЫБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ!
эксклюзив
документ
10:24
Ташиев Афганистандагы кыргыздардын жок дегенде жаштарын алып келип алайын деп жатат...
эксклюзив
документ
16:38
Ташиев Афганистандагы кыргыздардын жок дегенде жаштарын алып келип алайын деп жатат...
эксклюзив
документ
19:20
Ташиев Афганистандагы кыргыздардын жок дегенде жаштарын алып келип алайын деп жатат...
эксклюзив
документ
18:55
УКМК: Кумтөр долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупция фактысы боюнча Кылмыш ишин иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары
эксклюзив
документ
Дагы маалыматтар...

NAIZAPRESSTV

» » «Милиционерлер сабап, сексуалдык зомбулук менен коркутту»: Оштогу окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды

«Милиционерлер сабап, сексуалдык зомбулук менен коркутту»: Оштогу окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды

Кыргызстан / Саясат / Дүйнө жаңылыктары
46
0
Ош облусунда милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын айткан жарандын иши боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Өзгөн районунун Шерали айылынын 60 жаштагы тургуну Ж.Э. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун аймактык бөлүмүнө Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арыз менен кайрылган.

«Милицияга карата айтылган бардык дооматтар боюнча Ош ОИИБдин ички иликтөө кызматы тарабынан териштирүү, кызматтык иликтөө иштери башталды», - деди ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.


Буга чейин аталган борбордун Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы Өзгөн районунун Шерали айылынын Ж.Э. аттуу тургунуна карата милиция тарабынан кыйноо фактысын иликтөө өтүнүчү менен прокуратурага арыз жөнөткөнү маалымдалган.

Жабырлануучунун айтымында, ал 5-октябрда намаздан кийин мечиттен чыгып бара жатканда райондук милиция кызматкери аны кошунасынын үйүнүн жанында токтоткон. Милиционер үйдүн 85 жаштагы ээсин белгисиз адамдар сабап, ал каза болгонун айткан. Ал маркум менен жакшы мамиледе болгон. Саат 10:00 чамасында участкалык милиция кызматкери ага чалып, РИИБге келүүсүн суранган.

«Милиция бөлүмүнө жубайым экөөбүз келдик. Ал жерде бизди бир нече ыкчам кызматкерлер күтүп турган. Алар жана участкалык милиция кызматкери менен бирге биз үйгө келдик. Ал жерде милиционерлер документтерди көрсөтпөстөн тинтүү жүргүздү. Шектүү эч нерсе табылган жок. Андан кийин мени кайрадан РИИБге алып барып, биринчи кабаттагы кабинетке киргизишти», - деп жазган жабырлануучу өз билдирүүсүндө.

Андан кийин милиция кызматкерлеринин буйругу менен ал түшүнүк кат жазган. Бирок алар анын мазмунуна нааразы болуп, аны бетке уруп, уятсыз сөздөрдү айта башташкан. Жыйынтыгында кармалган адам түшүнүк катты 15 жолу жазууга аргасыз болгон.

«Алар мени сабай баштаганда мен алардан "эмнеге мени уруп жатасыңар? Мен 60 жаштамын. Токтоткула" деп сурадым. Бирок алар токтогон жок. Алар мени кошунамды өлтүргөнүмдү мойнума алууну талап кылып, боор тушка, буттарыма жана башыма сабашты. Анан алардын бири таяк жана презерватив алып келип, сексуалдык зомбулук менен коркутту. Алар менин шымымды чечип салышты. Мен полдо отуруп, ыйлап, аны токтотууну сурандым», - деген пенсионер.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жабырлануучу Ж.Э.ден арыз келип түшкөн күнү эле Ош облусунун прокуратурасына билдирүү менен кайрылышкан.скачать dle 11.0фильмы бесплатно
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.

0 комментариев

Ваше имя: *
Ваш e-mail: *
  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent
Код: Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Введите код: